Видео: Бишкек марказидаги йўл халокатидан сўнг автомобил ёниб кетди

847

Бишкек марказида Мерседес-Бенц русумидаги автомобил қаттиқ тезликда келиб бошқа бир машинага урилиб, сўнг ёниб кетди. Таҳминий маълумотларга кўра, халокатдан вафот этганлар йўқ.

Авария 30-март куни кечки соат 20:30да юз берди — “Мерседес-Бенц” русумидаги автомобил Манас шоҳкўчаси билан жануб томонга харакатланаётиб Киев кўчасидан бошқа машинага урилган, таҳминларга кўра у “Хонда” автомобили бўлган.

Тўқнашувдан кейин ”Мерседес” яна бир машинага,”Лексус”га бориб тегиб, ундан кейин электр столбасига урилган. Ўзини  Н.С.Санжаров деб таништирган воқеа шоҳидининг айтишича, йўл харакатини изга солувчи “Мерседес”нинг ҳайдовчисига тўхташи кераклигини огоҳлантирган.

“Қаттиқ қарсиллаган овозни эшитиб, қарасам машина нимагадир урилибди. Нимагалиги эсимда йўқ. Кейин йўлнинг ўртасига югуриб чиқиб, ҳайдовчининг ёнаётган машинадан чиқаётганини кўрдим” , — деди гувоҳ.

Санжаровнинг айтишича, ўт ўчирувчилар 15 дақиқа ичида келишиб, ёнғинни ўчиришган. Гувоҳ яқин жойлашган дўконлар билан вальюта алмаштириш шаҳобчаларида ўт ўчирғич бўлганда, ёнғинни бундан ҳам эртароқ ўчириш мумкин бўларини айтди.

“Жабрланувчи дўкон зинапоясига ўтириб, тез ёрдам хизматини кутди. Воқеадан кейин “шок” ҳолатида бўлган. У йиғлаб юборай деб зўрға ўтирди. Худога шукр, хамма омон, соғлиқлари яхши”, — деди гувоҳ.

Материал эълон қилиниши арафасида ФҲВнинг матбуот хизмати билан боғланишнинг иложи бўлмади.

Видео автори: Санжаров Н.С.

 

 

Түштүк Казакстан облусунун Казыгурт районунан Сирияга үй-бүлөсү менен көчүп кеткен Марат Мауленов казак бийлигине видеокайрылуу жасады. WhatsApp аркылуу таратылып жаткан 4 мүнөттүк тасмада башына кара чүпүрөк салынган, куралы бар сакалчан адам жанындагы шериги менен кошо “Казакстан жергесине жүрөктөн чыккан кайрылуу” жасап жаткандыгын айтат.

Экинчи адам өзүн Орск аймагынын жашоочусу Ринат Жумабеков деп тааныштырат.

Кайрылуу орус тилинде жасалган. Алар “халифат жергесине” үй-бүлөлөрү менен бирге көчүп келишкенин, балдарын шариятка ылайык окутуп жатканын айтышат. Мауленов Казакстанды «Каапырстан» деп атап, “демократия жана шайтан үчүн эмес, Аллахтын сөзүн ардактоо үчүн күрөшүп жатам” деп билдирген.

Мурда мектепте орус тилчи болуп иштеген 45 жаштагы Марат Мауленов былтыр сентябрда үй-бүлөсү менен Сирияга сапар алганы жөнүндө маалымат чыккан. Алгач жубайы жана алты баласын алып, Бишкекке кетип жатканын билдирген. Кийинчерээк Сирияда экени ачыкка чыккан.

Түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан.

Айыл чарба багытындагы жерлерге 200 турак-жай мыйзамсыз курулган

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жер тилкелерин берүүдөгү коррупциялык схемаларды аныктады. Аламүдүн райондук мамкаттоо кызматкерлери айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз каттоодон өткөрүүго шектелип жатышат.

Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жерге байланышкан бүтүмдөрдү мыйзамсыз каттоого шектелип жатышат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

«Айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин ээлеринин алдамчылык аракеттеринин жыйынтыгында Лебединовка айыл аймагындагы «Өскөн Ордо» конушуна 200дөн ашык жеке турак-жай курулган», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Экономикалык кылмыштарга каршы күршүү кызматынын маалыматына ылайык, Мамкаттоо кызматкерлери үйлөр курулган 39,7 гектер жер курулуш үчүн эмес, а айыл чарба керектөөлөрү үчүн пайдаланууга арналгандыгын билишкен.

Мекемеден ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын өкүлдөрү Аламүдүн мамкаттоо кызматына бир канча жолу кайрылгандыктарын, бирок алар кызмат абалдарын кыянат пайдалануу менен эки жылдан бери жер тилкелерин мыйзамсыз каттоодон өткөрүп келишкендигин билдиришти.

Укук коргоо органдары кызматкерлерге карата Кылмыш кодексинин 166-беренеси менен каралган «Алдамчылык» жана 304-беренеси менен каралган «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» боюнча кылмыш ишин козгошту. Ал беренелерге ылайык, кызматкерлер айып пул төлөп же беш жылдык мөөнөткө чейин эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.

Аламүдүн мамкаттоо кызматынан Kloop.kgге кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу маалыматка ээ эмес экендиктерин айтышты.

 

 

Атамбаевдин кызы «өзүн пиарлоо» айыбынан кийин фамилиясын өзгөртөт

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы фамилиясын өзгөртө тургандыгын билдирди. Ал мындай кадамга кайрымдуулук катары Даун синдромуна кабылган балдарга 200 миң сом өткөрүп бергенден кийин дарегине «өзүн пиарлоо» айыптары айтылып баштагандан соң барууда.

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева (апасынын фамилиясы менен айтылган) 30-мартта өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына фамилиясын өзгөртө тургандыгын жазды.

Ал мындай чечимге тарткан сүрөттөрүн сатуудан түшкөн акчаны кайрымдуулукка бергенден кийинки сынчылардын «өзүн өзү пиарлап жатат» деген айыптоолорунан кийин келип отурат.

Шагиева сүрөттөрүн сатуудан түшкөн акчаны кайрымдуулук катары Даун синдромуна кабылган балдардын ата-энелеринин фондуна 24-мартта өткөрүп берген. Анын «Метаморфозалар» көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн эмгектери сүрөтчүгө 200 миң 200 сом алып келген.

«Мен өмүр бою апамдын фамилиясы менен айтылып жүрөм, туугандык байланыштардан улам мага болгон кызыгууларды көрбөө үчүн ал эмес паспортумду да алмаштырганы жатам. Андан улам [айыптоолордон] менде кандай психологиялык көйгөйлөр болгонун досторуман сурап көрсөңөр болот», — деп жазды Шагиева «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Шагиеванын айтымында, ага анын чыныгы фамилиясы тууралуу биринчи жолу уккан тааныштарын эсине келтирүүгө туура келип жатат. Сүрөтчү кыз аны «өзүн өзү пиарлоого» айыптаган адамдардын пикирлерине ыза болгонун, анткени ал өлкө президентинин кызы экендиги тууралуу маалыматты өзү билдирбегендигин айтты.

«Бул күндөрү мен интернетке кирип, болуп жаткан нерселердин баарын окуп турдум, күтүүсүз абалдарга туш болуп, телефонду алыс коюп жаттым, анткени дендирөө кыйла эле күчтүү болгон. Мен БИР ДАГЫ маалымат агенттигинен менден интервью алууну өтүнгөн эмесмин, алар өзүлөрү биринчи жазышкан. Ал эми интервью берип жаткан маалда мен чыныгы фамилиямды таптакыр козгогон эмесмин, буга өзүңөр ынансаңар болот», — деп жазган ал.

Өз билдирүүсүндө сүрөтчү жакшы пикирлерди жазгандарга ыраазычылык билдирип, сынчыларга «катуу умтулуу» каалаган.

«Өзүмдү жарнамалаганды кандай жакшы көрө тургандыгым тууралуу кыйкырып жаткан адамдар мени андан жүз эсе күчтүү жарнамалап жатышат. Катуу умтулууңарды уланта бергиле! Силер мени дагы күчтүүрөөк кылып жатасыңар», — деп кошумчалаган ал.

Сүрөт: Алия Шагиеванын «Фейсбуктагы» баракчасы